Menu
Тренддер
КР Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата тарыхта болуп өткөн кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз
Кызыктуу ФАКТЫЛАР
Улуу Ата-Мекендик согуштун убагында финансы системасынын алдына өзгөчө жооптуу милдет коюлган. “Баардыгы фронт үчүн!” деген ураан менен иштеген эл чарбачылыгынын муктаждыгын камсыз кылууга өтө чоң акча каражатын жумшоо талап кылынган.
Кыргызстан КП БК(Коммунисттик партиянын Борбрдук комитети) , мамлекеттик план жана финансы эл комиссариаты майданда курман болгон аскерлердин үй-булөлөрүнө жана согуштун майыптарына жардам берүү үчүн 1943-жылдын мартынан 1945-жылдын июлуна чейин 259,4 млн рубль мамлекеттик жөлөк пул жана пенсия бөлүнгөн. Мындан тышкары өнөр жайлардын ишмердүүлүгүн жандандыруу, көчүрүлүп келген өнөр жай ишканаларын жайгаштыруу жана тезинен ишке киргизүү үчүн каражат табуу жагында иштей баштаган.
Согуштук максаттар учун финансыны кайра уюштурууда улуттук кирешени жана согуштук чыгымдарды керектөө фондуларынын ортосунда бөлүштүрүүдөгү катышты өзгөртүү чечими кабыл алынды. Майданга кеткендердин ордун ээлеген жаш жумушчуларды даярдоого жана чыгымдарды финансылоого өзгөчө көңүл бурулду. Илимге, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, социалдык камсыздандырууга ири каражаттар жумшалды.
Тиркелген файлдар