Menu
Тренддер
БИШКЕК ШААРЫН ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУН ГАЗДАШТЫРУУ БОЮНЧА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО-3 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 8,47 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ
КРФМ
Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349-т менен “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоорун бекитүү жөнүндө” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилген.
Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышкан, аларды кредиттөөнүн көлөмү 200,0 млн. сом суммасын түзөт.
2025-жылдын 2-октябрына карата бул Долбоордун алкагында республика боюнча 66 каржылоо субъектине 8,47 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит каржыланды.