Menu
Тренддер
СҮТ СЕКТОРУНУН ӨНДҮРҮМДҮҮЛҮГҮН КОМПЛЕКСТҮҮ ЖОГОРУЛАТУУ» ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА 4439 ФЕРМЕР КАРЖЫЛАНДЫ
"Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча долбоор - "Айланма Фонду" 3-компоненти боюнча маалымат ( Айланма Фондунун суммасы-9,6 млн АКШ доллары)
Дүйнөлүк банктын Айланма Фондунун каржылоосун баштоого расмий макулдугун алгандан кийин (13-апрель, 2023-жыл) баштап, 2024-жылдын 30- сентябрына карата келишимдер түзүлүп, фермерлерге төлөмдөр жүргүзүлдү:
Ысык-Көл облусунда (Түп, Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң р-ну) 1358 адамга (213 СӨЗТ) 175 850 000 сом.
Нарын облусунда (Кочкор, Нарын, Жумгал р-ну, Ат-Башы р-ну) 1595 адамга (250 СӨЗТ) 206 955 000 сом.
Талас облусуна (Талас, Бакай Ата, Манас, Айтматов р-ну) 1486 адамга (268 СӨЗТ) 191 675 000 сом.
Жалпысынан 4439 фермер 574 480 000 сом каржыланды.
731 СӨЗТ түзүлгөн.