Menu
Тренддер

«Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоорунун алкагында 7 795 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 237,6 млн. сом суммасына каржылоо кредиттер берилген
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 6 коммерциялык банкы катышууда, аларды насыялоонун көлөмү 4,9 млрд. сом суммасын түзүүдө.
Ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыздоо максатында 2013-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун циклин ишке ашырып жатат. Бул долбоорлорду ишке ашырууну баштагандан тартып 120 253 чарбалык субъектилерге 51,19 млрд. сом суммасына насыяланган, анын ичинде:
- «Мал чарбачылык» тармагы боюнча 32,92 млрд. сом суммасына 95 879 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 64% түзөт;
- «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 7,77 млрд. сом суммасына 22 019 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 15% түзөт;
- «Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү» тармагы боюнча 10,49 млрд. сом суммасына 2 355 субъект, ал насыя берүүнүн жалпы көлөмүнөн 21% түзөт.
Айыл чарбасын каржылоо долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 12-январындагы №3-т тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоору бекитилген.
2022-жылдын 11-августуна карата бул Долбоордун алкагында республиканын 7 795 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 237,6 млн. сом суммасына каржылоо кредиттер берилген.