Menu
Тренддер

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ Р.М.СҮЙНАЛИЕВ ЯПОНИЯНЫН ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК АГЕНТТИГИНИН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Р.М.Сүйналиев менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Вице-президенти Сачито Имото айымдын жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен (JICA) ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап,“Кыргыз-Япон Адамды өнүктүрүү борбору” жана “Бир айыл- бир өнүм” долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн жана аларды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.