КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ  РУСЛАН СУЙНАЛИЕВ  ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨНДҮРҮМДҮҮЛҮКТҮ ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ТАЛКУУСУНА КАТЫШТЫ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ  РУСЛАН СУЙНАЛИЕВ  ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨНДҮРҮМДҮҮЛҮКТҮ ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ТАЛКУУСУНА КАТЫШТЫ

КРФМ

 

2025-жылдын 15-октябрында Вашингтондо Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Суйналиев Руслан Мырзабековичтин катышуусунда Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында “Европа жана Борбордук Азиядагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу” темасында талкуу болуп өттү.

            Өз сөзүндө ал 2024-жылы Кыргызстандын экономикасы 9%га өскөнүн, ал эми жеке сектордо 219 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөнүн белгиледи. Ошол эле учурда эмгек өндүрүмдүүлүгү Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн орточо деңгээлинин болжол менен 45%ын түзөт, бул адам капиталына, санариптештирүүгө жана ишкердикти өнүктүрүүгө активдүү инвестиция салуу зарылдыгын көрсөтөт. 

Суйналиев Руслан Мырзабекович Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын чыңдоо (30 млн АКШ доллары) жана Келечек үчүн билим берүү (50 млн АКШ доллары) долбоорлорунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул долбоорлор билим берүүнүн сапатын, жумуштуулукту жана калкты социалдык колдоону жогорулатууга багытталган.

Сөзүн жыйынтыктап, финансы министринин биринчи орун басары Дүйнөлүк банктын жана эл аралык өнөктөштөрдүн институттардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана туруктуу өсүшкө багытталган реформаларды иштеп чыгууда жана ишке ашыруудагы маанилүү ролун белгиледи. 

Ал өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу инклюзивдүү өнүгүүнүн ачкычы экенин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын регионалдык демилгелерге жана тажрыйба алмашууга активдүү катышууга даяр экенин ырастады.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
262

Окшош жаңылыктар