Menu
Тренддер

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЧӨЙРӨСҮНДӨ КОНТРАКТТАРДЫ БАНКТЫК КОШТОО ЖАГЫНДА КӨП БЕРИЛГЕН СУРООЛОРГО ЖООПТОР
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө какйсыл контракттарга карата банктык коштоого алуу колдонулат?
Жооп: Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы №522-токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы №381 токтомунун редакциясында) Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоп жүрүүнү камсыз кылуу тартибинин (мындан ары – Тартип) 10-главасына ылайык, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоо төмөндөгү контракттарга карата колдонулат:
- курулушка, реконструкциялоо ишине, капиталдык ремонттон өткөрүү, имаратты, курулманы же объектти бузууга, анын ичинде автоунаа жолдорун, жол курулмаларын, инжинердик системаларлды, түйүндөрдү жана коммуникацияларды, капиталдык жана жарандык курулуштун башка объекттерин бузууга байланыштуу иштерди аткаруу предмети болгон сатып алуулар боюнча контракттарга;
- Кыргыз Республикасынын жана Евразия Экономикалык бирлигинин катышуучу-мамлекеттеринин берүүчүлөрү тарабынан товарларды берүү, наркы 5 000 000 (беш миллион) сомго барабар же андан ашкан кызматтарды көрсөтүү предмети болгогн сатып алуулар боюнча контракттарга.
Төмөндөгү сатып алуулар алкагында Тартиптин 4-пунктунда белгиленген контракттарга карата банктык коштоо колдонулбайт:
- Мыйзамдын[1] 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда (берене алынып салынган), ошондой эле Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн3-14-пункттарында каралгандар.
2) электрондук каталог аркылуу;
3) берүүчү катары мамлекеттик жана/же муниципалдык ишкана, уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 же андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коом, анын ичинде коомдун туунду чарба жүргүзүүчү мекемеси чыккан кезде.
[1] Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы №19 жана 25-июлундагы №147-мыйзамдарынын редакциясында)
Тиркелген файлдар