Menu
Тренддер

АБАЙЛАГЫЛА ФЕЙК!
Инстаграм социалдык байланыш тармагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун атын колдонуп, чындыкка дал келбеген маалымат тарап жатат. Анда, Финансы министрлиги каржы табуу долбоорун жарыялап, 900 миң сомдон киреше тапса болорун, ал үчүн кайсы бир телеграм каналга жазылуу сунушун берип жатышат.
Урматтуу интернет колдонуучулар, мамлекеттик кызматтын жетекчилери жана алардын жакындарынын атын пайдаланып, оңой эле киреше табуу сунуштары менен жарыяланган маалыматтар жалган экенин эскертебиз.