ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ЕРӨБ ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУНУ КЕҢЕЙТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ЕРӨБ ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУНУ КЕҢЕЙТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

КРФМ

 

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Финансы министри А.К. Бакетаев менен Финансы министринин биринчи орун басары Р.М. Суйналиевдин Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча аткаруучу директору мырза Бойд-Карпентер менен жолугушуусу болуп өттү.
            Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде ири инфраструктуралык долбоорлорду: Камбарата ГЭС-1 курулушу, “Кара-Балта – Чалдовар” автожолунун реконструкциясы жана “Кемин – Балыкчы” электр берүү линиясы долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.
              Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдиришип, Кыргыз Республикасы менен ЕРӨБ ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
298

Окшош жаңылыктар