“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2026-ЖЫЛГА ЖАНА 2027–2028-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫКМЕЗГИЛИНЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖӨНҮНДӨ”МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУЛАР

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2026-ЖЫЛГА ЖАНА 2027–2028-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫКМЕЗГИЛИНЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖӨНҮНДӨ”МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУЛАР

КРФМ

 

   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык жыл сайын "Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүнүн алкагында коомдук бюджеттик угууларды өткөрөт.

    Коомдук бюджеттик угуулар республикалык бюджетти түзүүгө жарандык коомдун катышуусунун маанилүү механизми болуп саналат. Алардын максаты — бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандарга жана уюмдарга өздөрүнүн сунуштарын жана сын-пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк берүү, ал эми мамлекеттик органдарга — бюджеттин долбоорун даярдоодо аларды эске алуу.

   2025-жылдын 15-сентябрында Финансы министрлигинде мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуулар болуп өттү.

   Финансы министри А.К. Бакетаев коомдук угуулар бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойной тургандыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле бюджеттин долбоорунун негизги артыкчылыктарын белгилей кетти: профицитти сактоо, бюджеттик чөйрөдөгү эмгек акыны жогорулатуу, саламаттык сактоону өнүктүрүү, социалдык жөлөкпулдардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону күчөтүү, мамлекеттик карызды өз убагында тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле жолдорду, мектептерди жана ооруканаларды куруу.

   Талкуунун жүрүшүндө саламаттык сактоону каржылоо, дары-дармек менен камсыздоо, онкологиялык жана сейрек кездешүүчү ооруларга каршы күрөшүү, майыптыгы бар адамдарды жана улгайган жарандарды колдоо, ошондой эле инклюзивдик билим берүүнү өркүндөтүү маселелери көтөрүлдү.

   Угуулардын жыйынтыгы боюнча Финансы министрлиги тиешелүү ведомстволор менен биргеликте катышуучулардын сунуштарын ишке ашыруу боюнча иштерди баштады. Финансы министрлиги бардык айтылган сын-пикирлер жана сунуштар андан ары кароо үчүн эске алына тургандыгын белгилейт.

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
527

Окшош жаңылыктар