Menu
Тренддер
“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2025-ЖЫЛГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖАНА 2026–2027-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын келерки жылдын республикалык бюджети жана пландык мезгилдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүнүн алкагында жыл сайын коомдук бюджеттик угууларды өткөрөт.
Бул жылы “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгили жөнүндө” мыйзам долбооруна карата коомдук бюджеттик угуулар Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Р.М. Суйналиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүнүн катышуусунда 2024-жылдын 18-сентябрында өттү.
Иш-чаранын башында Р.М. Суйналиев катышуучулар менен учурашып, коомдук талкуулар бюджеттик процесстин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылууда негизги ролду ойной тургандыгын, ошондой эле негизги бюджеттик артыкчылыктарды белгилөөдө жарандардын катышуусун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Бюджеттик угуулардын жүрүшүндө бюджеттин кирешелери, чыгашалары жана профицити боюнча маалымат берилди. Бюджеттик угуулардын катышуучулары тарабынан республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча маселелер көтөрүлдү.
Социалдык чөйрөгө кеткен чыгымдар боюнча гемодиализ, Гоше оорусу, кохлеардык имплант, шишикке каршы препараттар менен камсыз кылуу, инсулин алуу ж. б. маселелер көтөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коомдук бюджеттик угуулардын катышуучуларынын жана жарандык коомдун бардык сын-пикирлери жана сунуштары эске алынаарын белгилейт.
Протокол тиркелет
Тиркелген файлдар