“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2025-ЖЫЛГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖАНА 2026–2027-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУ

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2025-ЖЫЛГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖАНА 2026–2027-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУ

ФМКР

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштурат жана өткөрөт. Белгилүү болгондой, коомдук бюджеттик угуулар - бул коомдук пикирди иликтөө, сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттердин түзүүнүн жана аткаруунун маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууга 2024-жылдын  18-сентябрында саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чоң залында катышууга чакырат.

Пайда болгон суроолор боюнча төмөнкү жооптуу кызматкерлерге кайрылыңыздар:

Бактыбеков Данияр, 62-53-13 (+1124);

Дайырбек Амантур, 62-53-13 (+1125).

d.baktybekov@minfin.kg; d.usenaliev@minfin.kg

Катышуу үчүн төмөнкү форма боюнча арызды толтурууну суранабыз:

https://forms.gle/Wy7qLYMxTZbKVS3i7

 

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1024

Окшош жаңылыктар