ИШКЕР АЯЛДАР ҮЧҮН ПАЙЫЗСЫЗ КРЕДИТ

ИШКЕР АЯЛДАР ҮЧҮН ПАЙЫЗСЫЗ КРЕДИТ

КР Финансы министрлигинин Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн өкүлдөрү «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду» коомдук уюмунун аткаруучу директору А.Усупова жана «Санарип инсан» долбоорунун координатору М.Жакеева менен жолугушту. Жолугушуунун максаты - ишкер аялдар үчүн чакан жана орто бизнестин каржылык жардамына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.

Жыйында Финансы министрлигинин кредиттерди боюнча адиси А.Акматов Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору жөнүндө толук маалымат берип, ишкер аялдардын пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого өзгөчө басым жасады. «Санарип Инсан» долбоорунун координатору М.Жакеева бул Долбоорду Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарына жайылтуу зарылдыгы боюнча сунуштарын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ишкер аялдар фонду онлайн жана оффлайн форматында өткөргөн иш-чараларда туруктуу негизде кызматташууну улантуу чечими кабыл алынды.

1 сүрөттөр

0.10MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3087