2023-ЖЫЛЫ КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ИЧКИ АУДИТ КЫЗМАТЫ АНЫКТАГАН МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР

2023-ЖЫЛЫ КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ИЧКИ АУДИТ КЫЗМАТЫ АНЫКТАГАН МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР

«КЫРГЫЗАВТОЖОЛ» МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНАСЫ

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын аудитинин жүрүшүндө финансылык отчеттуулук боюнча кирешелерди ККМ менен салыштыруу жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында айырмачылык, башкача айтканда 494,8 миң сом өлчөмүндө каражат аныкталган. Мындан тшкары , кызматкерлерге эмгек акынын белгиленген эң жогорку өлчөмдөрүнө эмгек акынын 5 пайыздан 40 пайызга чейин, эмгектин зыяндуу шарттары үчүн - 25 пайыздан, ден соолугун чыңдоо жана материалдык жардам көрсөтүү үчүн үстөк пайыздардын кошумча төлөмдөрүнүн жалпы өлчөмүн негизсиз түрдө кошулганы аныкталды.

Натыйжада ашыкча чегерилген жана төлөнгөн эмгек стажы үчүн 5,1 млн сомду, эмгектин зыяндуу шарттары үчүн 25% (2022-жылдын 1-августунан тартып жокко чыгарылган) 2 млн сом өлчөмүндө, ден соолукту чындоо учун — 1 млн сом жана эмгек өргүүсүнө чыкканда материалдык жардам — 1,1 млн сом. Мындан тышкары, 1-сентябрдан тарта жетекчи кызматкерлердин эмгек акысы 759,8 миң сомго негизсиз жогорулатылган.

Жалпысынан “Кыргызавтожол” МИнин кызматкерлеринин эмгек акысына негизсиз чегерилген эмгек акылар 10,1 МЛН СОМДУ ТҮЗДҮ.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Сапардын чыгашаларынын ченемдерин жана алардын ордун толтуруунун тартибин белгилөө жөнүндө» токтомунун талаптарын бузуу фактылары катталган.  Негизсиз, тастыктоочу документтери жок, 89,9 миң сом командировкалык чыгымдардын ордун толтурууга чыгымдалган. Ошондой эле, 140,0 миң сомдук ТМБ(товардык материалдык баалуулуктар) тастыктоочу документтери жок, негизсиз эсептен чыгарылган. Тиешелүү документтери жок (патентинин жоктугу) подрядчынын (ИП А.А.Ададилова») 75,0 миң сом өлчөмүндөгү аванстык отчеттору негизсиз кабыл алынган.

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1093

Окшош жаңылыктар