ЖЭЭКТЕРДИ КОРГОО, БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИНЕ 178,3 МЛН СОМ БӨЛҮНДУ

ЖЭЭКТЕРДИ КОРГОО, БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИНЕ 178,3 МЛН СОМ БӨЛҮНДУ

Жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү жана дамбалардын селден коргоочу курулмаларын коргоо үчүн ӨКМдин бюджетинде 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча 198,5 млн сом каражат каралган.

Жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү жана дамбалардын селден коргоочу курулмаларын коргоо үчүн ӨКМдин бюджетинде 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча 198,5 млн сом каражат каралган.

Алар:

  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелери (өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча) 100,0 млн сом;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Селсуулардан коргоо” кызматына 98,5 млн сом каралган.

Бүгүнкү күндө 178,3 млн сом бөлүндү.

Белгилей кетсек, бул каражаттар жыл сайын Республикалык бюджеттин мыйзамында каралат.

“Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 80 млн сом бөлүндү.

Алар:

- Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштерине 50,0 млн сом;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы чарбалык көпүрөнүн курулушуна 20,0 млн сом;

-Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Кысмак участогундагы сел агып чыгуучу каналды калыбына келтирүү иштерине  10,0 млн сом.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Назик
1136

Окшош жаңылыктар