Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А. БАКЕТАЕВ ГЕРМАНИЯ ФЕДЕРАТИВДИК РЕСПУБЛИКАСЫНА ИШ САПАР МЕНЕН БАРДЫ
КРФМ
2025-жылдын 9-декабрында Франкфурт-на-Майн шаарында А. Бакетаев Германиянын алдыңкы каржы институттарынын өкүлдөрү, анын ичинде АКА Банктын (AKA Bank) жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр энергетика, транспорт жана туризм тармактарында ишке ашырылуучу ири долбоорлорду немис тарабына тааныштырды. Ал белгилегендей, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан туруктуу экономикалык саясат экономиканын өсүшүн жана бюджеттин кирешелүүлүгүн камсыздап, өлкөгө жаңы инвестициялык жана жогорку технологиялык долбоорлорду тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.
Өз кезегинде АКА Банктын өкүлдөрү «Кыргызстан – Германия» бизнес-форуму аларга Кыргызстандын жеке секторунун мүмкүнчүлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө шарт түзгөнүн белгилешти. Алар баса белгилегендей, Финансы министринин бул иш сапары эки өлкө ортосундагы каржылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон кызыкдарлыктын мындан ары дагы бекемделишине өбөлгө болду.