Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ КЫТАЙ ЭЛ БАНКЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ЧЖАН ЦИНСУН МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
КРФМ
2024-жылдын 20-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Элдик банкынын имаратында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М. Тургунбаев жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д. Амангелдиев Кытай Эл банкынын Төрагасынын орун басары Чжан Цинсун менен жолугушту. Жолугушуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын тар сессиясынын жана Жибек жолунун 8-ЭКСПОсунун ачылыш аземинин алкагында өттү.
Катышуучулар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы финансылык кызматташтыкка, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу жана баалуу кагаздар рыногун кеңейтүү үчүн Юань менен мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууга тиешелүү негизги маселелерди талкуулашты. Кыргыз тарап баалуу кагаздарды ийгиликтүү жайгаштыруу үчүн Кытай финансылык институттарынан кепилдиктерди берүү, ошондой эле Кытай Эл банкы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда өз ара эсептешүүлөр жөнүндө келишим түзүү тууралуу маселелерди көтөрдү. Ошондой эле Улуттук банктын чек ара аралык банктар аралык төлөм системасына кошулуусу талкууланды.
Министр А.Бакетаев Кыргыз Республикасынын бул төлөм системасын колдонууга кызыкдар экендигин баса белгилеп, ошондой эле борбордук банктар ортосундагы своп-келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстандагы коммерциялык банктардын Bank of China менен кызматташуу маселелери каралды, анткени 21 банктын ичинен 2 гана банктын аталган финансы уюму менен корреспонденттик мамилеси бар.
Жолугушуу эки тараптын тең Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы финансылык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө даярдыгын көрсөттү.
5 сүрөттөр
0.00MB