Тренддер
КР Финансы министри Руслан Суйналиев Самарканд шаарында өткөн Азия өнүктүрүү банкынын 59-жылдык жыйынынын ачылыш аземине катышты
КРФМ
4-май күнү Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Самарканд шаарында өтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкынын 59-жылдык жыйынынын ачылыш аземине катышты.
Аземди Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев ачты. Ошондой эле, Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда катышуучуларды куттуктап, аймактык кызматташтыктын негизги артыкчылыктарын белгиледи.
Азия өнүктүрүү банкынын жылдык жыйыны «Өнүгүүнүн кесилиштери: аймактын өз ара байланышкан келечегин илгерилетүү» деген ураан алдында өтүп, дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн 4 миңден ашуун катышуучуну чогултту. Алардын катарында өкмөттөрдүн өкүлдөрү, эл аралык финансы институттары, банктар, бизнес жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү бар.
Форумдун алкагында санариптик жана «жашыл» трансформация, климаттык туруктуулук, жеткирүү чынжырларын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери талкууланды.
Кыргыз Республикасынын иш-чарага катышуусу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүүгө багытталган.
5 сүрөттөр
0.00MB