Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ ДҮЙНӨЛҮК БАНК МЕНЕН 6,36 МИЛЛИОН ДОЛЛАР СУММАСЫНДАГЫ МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЙДУ
КФРМ
Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз КушбековичДүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла Бассани айым менен жолугушту.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ага жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында “Келечек үчүн билим берүү” долбооруна кошумча каржылоо боюнча жалпы суммасы 6,36 миллион АКШ долларын түзгөн каржылоо жөнүндө макулдашууга жана Гранттык техникалык жардам жөнүндө катка кол коюлду. Анын ичинде Дүйнөлүк банктын 4,36 миллион доллар өлчөмүндөгү кредити жана 2 миллион доллар өлчөмүндөгү гранты бар. Бул каражаттар бала бакчаларды оңдоого жана жабдууга, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн камтуусун көбөйтүү максатында имараттарды оптималдаштырууга жумшалат.
Мындан тышкары, тараптар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (МАР-21) ресурстарын бөлүштүрүү, бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акы системасын өркүндөтүү, ошондой эле адам капиталын өнүктүрүүгө жана экономиканы санариптештирүүгө багытталган реформаларды илгерилетүү маселелери боюнча пикир алмашышты.
Министр Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банкка социалдык-экономикалык реформаларды колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу максатында өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.
2 сүрөттөр
0.00MB