КР финансы министри А.Бакетаев “Жеке жана каржы секторун өзгөчө колдоо” долбоору боюнча айтып берди

КР финансы министри А.Бакетаев “Жеке жана каржы секторун өзгөчө колдоо” долбоору боюнча айтып берди

#ЦИТАТАЛАР // Бакетаев Алмаз Кушбекович, Кыргыз Республикасынын финансы министри ✅

 «Финансы министрлигинин аракеттери Кыргыз Республикасындагы ишкерлерди колдоону кеңейтүүгө багытталган. Биринчи кезекте чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүлүүдө. Бул багыттагы эң ири жана ийгиликтүү долбоорлордун бири – “Жеке жана каржы секторуна чукул арада колдоо” долбоору. Ишкерлерди өнүктүрүү үчүн Финансы министрлиги пайызсыз насыя берүүдө. Долбоор 2021-жылдын аягынан бери ишке ашырылып, бул аралыкта өлкө боюнча 7 миңден ашык ишкерди камтый алды. Суроо-талап абдан жогору болууда. Мындан тышкары, аталган долбоордун алкагында Министрлик Кепилдик фонду аркылуу бизнеске күрөөгө кепилдик берет. Долбоордо коммерциялык банктардын пайызсыз кредиттерди берүү боюнча операциялык чыгымдарын толук жабуу да каралган».

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1737