Menu
Тренддер
Финансы министри А.К. Бакетаев ФЧМКнын Окуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты
КР Финансы министри А.К. Бакетаев, ошондой эле министрдин орун басары У.И. Календеров КР Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жыйынтыктоочу жыйынына катышты.
Баяндама учурунда төрага К.К. Асангулов өзгөчө көңүлдү ФЧМК тарабынан айрым каржы мекемелерине салынган айыптарга бурду. Алсак, КР мыйзамдарында белгиленген максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 600 000 сомду түзгөн. Төрага катары К.К. Асангуловдун айтымында, өлкөнүн рейтингдерине виртуалдык активдер жана виртуалдык активдерди тейлөө провайдерлери жаатындагы тармактык тобокелдиктерди баалоонун аякташы оң таасирин тийгизет.
ФЧМКнын “Эгмонт” тобунда, Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун, КМШга мүчө-мамлекеттердин Финансылык чалгындоо органдарынын жетекчилеринин кеңешинин эл аралык кызматташуу маселелери жана натыйжалуу ишти камсыз кылуу эл аралык форумуна байланыштуу боло турган иш-чаралар, тергөө жана соттук кароо талкууланды. Коррупциялык кылмыштардан алынган кирешелерди легализациялоо жана мамлекеттик кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар боюнча кылмыш иштери”.
Коопсуз байланыш каналдарынын негизинде оперативдүү жана стратегиялык маалымат менен натыйжалуу алмашууга мүмкүндүк берүүчү Эл аралык тобокелдиктерди баалоо борборунун системасы жайгаштырылды.
Жолугушунун жыйнтыгы боюнча А.К. Бакетаев аткарылган иштердин жогорку натыйжалуулугун белгилеп, ФЧМКнын Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди легализациялоо терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын мааннлүүлүгүн белгиледи.
2 сүрөттөр
0.00MB