Menu

ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ KFW МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ KFW МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

КРФМ

       Ошол эле күнү, 2025-жылдын 9-декабрында, Франкфурт-на-Майн шаарында иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев KfW аткаруучу кеңештин мүчөсү, Кристиана Лайбах менен жолугушту. Тараптар Кыргыз Республикасы менен KfW ортосундагы кызматташуунун келечегин, анын ичинде артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана заманбап технологияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
            Финансы министри белгиледи:
      “Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык жана KfW менен жашыл энергетика, инфраструктура, туризм, айыл чарба жана адам капиталын өнүктүрүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр. Биздин ишенимибизде, бул өнөктөшүк өз ара пайда алып келет жана туруктуу экономикалык өсүшкө негиз түзөт. Кыргызстан каржылык кызматташтык программасын өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында белгиленген приоритеттерге басым жасоо менен жандандырууну сунуш кылат.
   Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөнүн экономикасына инвестициялык долбоорлорду каржылоону терең изилдөө жана эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди мындан ары иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
494

Окшош жаңылыктар