Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ИШКЕРЛЕРГЕ 9,2 МЛРД СОМДОН АШУУН СУММАДА ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯЛАРДЫ БЕРДИ
КРФМ
«Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан ишкерлерге 9 миллиард 229 миллион сомдон ашык суммада пайызсыз насыялар берилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жана кризистик кырдаалга жооп кайтарууда чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо» долбоору ишке киришкен. 2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала башташкан.
Натыйжада, ишке кирген күндөн бүгүнкү күнгө чейин тагыраагы 2025-жылдын 1-июлуна карата пайысыз насыялардын суммасы 9 млрд 229 млн 592 миң 323 сомду түздү. Аны 11 миң 700 ишкер алган.
1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 591 ишкерге 5 млрд 698 млн 82 миң 424 сом берилген.
2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 2 миң 109 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 3 млрд 531 млн 509 миң 899 сомду түзгөн.
Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат. Маалымдама: Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:
1-Категория - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.
2-Категория - - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.
Айыл чарбасы каржыланбайт.
Валютасы: КР сом
Пайызы: 0% (пайызсыз)
Финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин
Жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин
Каржылык жардамдын суммасы:
1-категория үчүн – 1 000 000 сомго чейин
2-категория үчүн - 3 000 000 сомго чейин
Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.