Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ӨЛКӨНҮН ФИНАНСЫЛЫК ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ЧЫҢДООНУ УЛАНТУУДА: БАТКЕН ОБЛУСТУК ФИНАНСЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Баткен облусундагы финансылык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын финансы министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Э.Калдыбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ташбалтаев, Баткен шаарынын мэри С.Кулубаев, Баткен районунун акими Д.Иманалиев, ошондой эле финансылык системанын ардагерлери катышты.
Жаңы имараттын ачылышы Баткен облусунун финансылык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Ал заманбап иш бөлмөлөрү жана техникалык каражаттар менен камсыздалып, бул финансылык көзөмөл органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, маалыматтарды иштеп чыгууну тездетүүгө жана жергиликтүү уюмдар менен мекемелер менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Жаңы имарат санариптик чечимдерди мындан ары да киргизүүгө, бюджеттик процесстин ачыктыгын жогорулатууга жана финансылык аудиттин сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде финансылык тартипти бекемдөөгө жана өлкө экономикасынын өнүгүшүнө түздөн-түз өбөлгө болот.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги региондук органдарды модернизациялоо, инфраструктураны жакшыртуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча системалуу ишин улантып, финансылык системанын туруктуу өнүгүшүн жана мамлекеттик каражаттардын ачык-айкын пайдаланылышын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
1 сүрөттөр
0.00MB