Menu
Тренддер
Финансы министрлиги Жапония өкмөтү менен "JDS" долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду
Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программанын (JDS) долбоорун ишке ашыруу үчүн Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2022-жылга Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программаны (JDS) ишке ашыруу үчүн 2,30 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт. Бул программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрларын даярдоого багытталган.
Буга байланыштуу, 2022-жылдын 5-сентябрында КРдин Финансы министри А.Бакетаев жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси МАЭДА Шигеки, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки менен алмашуу ноталарына жана JDS долбоору боюнча Гранттык макулдашууга кол коюлду.
Долбоордун негизги максаты - Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Япониянын ЖОЖдорунда магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кадрларды даярдоо боюнча саясатын колдоо жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат. Негизги талапкерлер Кыргыз Республикасынын жаш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери. Японияда окуусун аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга өз салымын кошот.
2006-жылдан бери JDS долбоорунун алкагында 250 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин ичинен 15 стипендианттар тобу жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө алардын 209у диссертациясын ийгиликтүү коргоп, магистр, докторлук даражасын алып, Кыргыз Республикасына кайтып келишти. Учурда 36 стипендиат Японияда билим алууда, 16-топтун 18 стипендиаты 2022-жылдын 21-августунда Японияга учуп кетишти.
JDS долбоорунун жаңы фазасынын алкагында 2022-жылдан баштап жылдык квотага 19 орун (магистратура) жана 1 орун (докторантура) кирет.
11 сүрөттөр
31.61MB