Menu

Финансы министрлиги Бакай-Атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министрлиги Бакай-Атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Талас облусуна болгон иш сапары учурунда Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге барды.

Иш сапардын жүрүшүндө Руслан Суйналиев мекемеде жашаган жарандар менен баарлашып, алардын муктаждыктары жана күнүмдүк жашоо шарттары менен таанышты. Ошондой эле, улгайган адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга мамлекеттик камкордук мындан ары да улантыларын белгиледи.

Учурда бул жерде 78 адам жашайт. Алардын 34ү аялдар, 44ү эркектер.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган жайга камкордук көрсөтүүнү өзүнун милдетине алды.

Жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында бир катар эмеректер жана төшөнчү буюмдар алынып берилди.

Тактап айтканда, 20 даана матрасы менен функционалдык керебет, 60 ортопедиялык матрас, 60 бир кишилик керебет, 80 тумбочка, 40 шкаф, 40 тамактануучу стол, 80 отургуч, 80 жууркан, 80 төшөк жабуусу жана 80 жаздык тапшырылды.

Мындан сырткары, медициналык жана чарбалык керектелүүчү буюмдар, ошондой эле «Желмаян» жеңил транспорт каражаты сатылып алынды.

Учурда Финансы министрлиги Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн жаңы имарат куруу маселесин да карап жатат.

Министрлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан мындай көмөк жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга, мекемени зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоого жана социалдык кызмат алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1840

Окшош жаңылыктар