Menu
Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги оор жоготуу тууралуу терең кайгыруу менен кабарлайт
Жаркын элес: Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович апасы - Асанкулова Дилдекан мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
2025-жылдын 12-августунда 87 жаш курагында узакка созулган оорудан улам Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбековичтин апасы Асанкулова Дилдекан мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен кабарлайбыз.
Асанкулова Дилдекан 1938-жылы 25-июлда Талас облусунун Талас районундагы Кеңеш айылында туулган. Билимин Фрунзе шаарында алган.
1962-жылы эмгек жолун билим берүү тармагында баштап, 1993-жылы ардактуу эс алууга чыкканга чейин мугалимдик кесипти берилүү менен аркалап, татыктуу эмгек өтөгөн.
Асанкулова Дилдекан апа бүт өмүрүн үй-бүлөсүнө арнап, балдары менен неберелерин тарбиялоого өзгөчө маани берип, үй-бүлөнү жашоосунун башкы маңызы деп эсептеген.
Даанышмандыгы, боорукерлиги жана инсандуулугу менен айырмаланган бул татыктуу эненин жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн, туугандарынын, жакындарынын жана аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жалпы жамааты орду толгус жоготууга байланыштуу Бакетаев Алмаз Кушбековичке жана анын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.