Menu

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде кырсыктардан кийин калыбына келтирүүгө даярдык маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде кырсыктардан кийин калыбына келтирүүгө даярдык маселелери талкууланды

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүгө даярдыгын баалоо боюнча миссия өттү. Иш-чаранын максаты - мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу, мекемелердин мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо жана кырсыктардын кесепеттерин жоюуга керектүү каржылык механизмдерди өркүндөтүү.

Миссия эки күн бою «Азия-Тынч океан аймагын кырсыктардан кийин туруктуу калыбына келтирүүгө даярдоону жогорулатуу» техникалык жардам долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоордун аткаруучусу - Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ). Аны ишке ашырууга Кырсыктарга даярдыкты камсыз кылуу боюнча Азия борбору (ADPC) жана БУУнун Кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча башкармалыгы катышууда.

Демилге өзгөчө кырдаалдардан кийин калктын муктаждыктарын эске алуу менен өлкөнү натыйжалуу жана туруктуу калыбына келтирүү үчүн улуттук системаларды, башкаруу механизмдерин жана каржылоо инструменттерин өнүктүрүүгө багытталган. 
Долбоор төрт өлкөнү камтыйт.

Миссиянын алкагында Кыргыз Республикасында өлкөнүн кырсыктардан кийин калыбына келтирүүгө даярдыгын баалоо иштери расмий башталды. Жолугушууларга Техникалык жумушчу топтун, Финансы министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышты. Аларга калыбына келтирүү жана мамлекеттик каржыны башкаруу жаатындагы өзүн-өзү баалоонун жыйынтыктары сунушталды.

Талкуунун жүрүшүндө жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыктары такталып, мындан аркы иштин артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Ошондой эле өлкөнүн калыбына келтирүү системасындагы көйгөйлөр, учурдагы муктаждыктар жана аларды чечүү жолдору каралды.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, маалыматтарды чогултуу жана пайдалануу иштерин өркүндөтүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардан кийинки калыбына келтирүү иш-чараларын каржылоо маселелерине көңүл бурулду.
Баалоонун жыйынтыктарынын негизинде Улуттук жол картасы иштелип чыгат.

Анда Кыргыз Республикасынын кырсыктарга даярдыгын күчөтүү, алардын кесепеттерин жоюу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калыбына келтирүү иштерин каржылоо механизмдерин жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар белгиленет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1508

Окшош жаңылыктар