КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ MUFG BANK МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ КЕЛЕЧЕГИН ТАЛКУУЛАДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ MUFG BANK МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ КЕЛЕЧЕГИН ТАЛКУУЛАДЫ

КРФМ

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги дүйнөдөгү эң ири финансы институттарынын бири болгон MUFG BANK өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда стратегиялык өнөктөштүктүн келечеги талкууланды.
      Жолугушууга Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К. Бакетаев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаев жана Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги Н.А. Акжолов катышты.
        Диалогдун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.
     Финансы министри А.К. Бакетаев реформаларды колдоого жана өлкөнүн финансы секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн MUFG BANK өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” Эл аралык темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуудагы өнөктөштүк потенциалына өзгөчө көңүл бурулду.
        Бул демилгелер аймактын энергетикалык жана логистикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган, бул туруктуу экономикалык өсүүгө өбөлгө түзөт.
    Жолугушуунун жыйынтыгында финансы министри Алмаз Бакетаев MUFG BANK делегациясын чакырып, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тереңирээк талкуулоону сунуштады. Кыргыз Республикасы кызматташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирип, MUFG BANK өлкөнүн амбициялуу экономикалык максаттарына жетүүдө негизги өнөктөш катары карай турганын белгиледи.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
489

Окшош жаңылыктар