КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЕВРООБЛИГАЦИЯЛАРЫНЫН ЭҢ ИРИ САТЫП АЛУУЧУЛАРЫНЫН БИРИ LOOMIS SAYLESТИН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЕВРООБЛИГАЦИЯЛАРЫНЫН ЭҢ ИРИ САТЫП АЛУУЧУЛАРЫНЫН БИРИ LOOMIS SAYLESТИН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

КРФМ

 

            2025-жылдын 16-октябрында Вашингтондогу Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович америкалык Loomis Sayles инвестициялык компаниясынын өкүлү Хассан Малик мырза менен жолугушту. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин имаратында өттү.

            Финансы министри А.К. Бакетаев Loomis Sayles компаниясына Кыргыз Республикасына болгон ишеними жана 75 миллион АКШ доллары суммасындагы Кыргыз Республикасынын суверендүү еврооблигацияларын ири көлөмдө сатып алганы үчүн ыраазычылык билдирди, мунун натыйжасында бул баалуу кагаздардын эң ири ээлеринин бири Loomis Sayles болду. Министр А.К. Бакетаев тартылган каражаттардын ачык-айкын пайдаланылганын белгиледи, еврооблигацияларды чыгаруудан түшкөн 700 миллион АКШ доллары мамлекеттик “Элдик Банк” ААКны капиталдаштырууга жумшалган. Бул каражаттар акыры энергетика жана финансы секторлорундагы долбоорлорду каржылоого багытталат.

            Бул мамлекеттик “Элдик Банк” ААКга Борбордук Азиядагы эң ири банктардын катарына кирүүгө мүмкүнчүлүк берди.
            Ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу өсүсүн сактап жатканы, 2025-жылдын январь-июль айларында реалдуу ИДПнын өсүшү 11,5% түзгөнү белгиленип, бул инвесторлордун ишенимин жогорулатары айтылды.

            Жолугушуунун жыйынтыгында Алмаз Бакетаев Loomis Sayles менен мындан аркы өнөктөштүккө жана Кыргыз Республикасынын экономикасына түз чет элдик инвестицияларды активдүү тартууну улантууга кызыкдар экенин билдирди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
259

Окшош жаңылыктар