КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 100 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИНЕ КАРАТА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫН ӨТКӨРДҮ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 100 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИНЕ КАРАТА ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫН ӨТКӨРДҮ

100 жылдык юбилейине карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын финансы системасынын калыптануу тарыхы, заманбап тенденциялары жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктары» аттуу жыйынтыктоочу Эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрдү.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, 900гө жакын катышуучунун башын бириктирген «Конференциялар кербенинин» өлкөнүн жети облусунда өткөн масштабдуу иш-чараларына токтолду. «Биз үч аянтча түздүк, анда илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана ар кайсы өлкөлөрдүн эксперттери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, акыркы изилдөөлөр менен таанышып, каржы системасын өнүктүрүү багыттарын талкуулай алышат», - деп белгиледи А.Бакетаев.

КР Финансы министрлигинин башчысы ошондой эле бул иш-чарада климаттык аракеттерди фискалдык базага жана мамлекеттик финансыны башкаруу системаларына интеграциялоо боюнча каржы министрликтеринин потенциалын өнүктүрүү жаатында маалымдуулукту жогорулатуу маселелери карала турганын баса белгиледи.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров өлкөнүн Президентинин жана жалпы Министрлер Кабинетинин атынан чогулгандарды Финансы министрлигинин 100 жылдык юбилейи менен куттуктап, 1991-жылдан берки өзгөрүүлөргө токтолду. А.Жапаров белгилегендей, 1991-жылга карата өлкөнүн ИДПсы 100 миллион сомду, ал эми 2024-жылга карата 1 триллион 400 миллиард сомду түздү.

“Мамлекеттик активдер 2015-жылы 310 миллиард сомду, 2020-жылы 420 миллиард сомду түздү же 5 жыл ичинде 1,5 эсеге өстү. Азыр мамлекеттик активдер 824,2 миллиард сомду түзүп, акыркы 3 жылда эки эсеге өстү. Бул жетишкендиктерге коррупцияны жоюу да себеп болгон. Анын негизги “оорусу” Кумтөр болчу. 1994-жылдан 2021-жылдын май айына чейин «Кумтөрдөн» түшкөн дивиденддер 100 миллион долларды түзсө, акыркы эки жарым жылда 300 миллион доллар киреше таптык. Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата биздин үзүрлүү ишибиздин негизинде “Кыргыз Республикасынын финансы тармагында жаңы доор келди” деп ишенимдүү түрдө билдиребиз, – деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, иш-чарага ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Жумагазиев, Билим берүү министри Д.Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Төлөнов, хАзия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси – Чжэн Ву, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл, ЭВФтин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Фарид Талышлы, Кыргыз Республикасындагы РКӨФ өкулдөрү, БАРЭК өлкөлөрүнүн экономика жана каржы министрликтерине караштуу эл аралык донордук уюмдардын жетекчилиги (Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтыгы) ж.б.

1 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
2311