Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ ЖАНА БУУӨП ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ МАКСАТТАРЫН МАМЛЕКЕТТИК ИНВЕСТИЦИЯЛАРГА ИНТЕГРАЦИЯЛООНУ ИЛГЕРИЛЕТҮҮДӨ
КРФМ
Бишкек, 2025-жылдын 13-ноябры - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоо менен Туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ) боюнча мамлекеттик инвестициялар программасын (МИП) маркировкалоо процессин аяктоодо. Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду комплекстүү тез баалоонун жыйынтыктары көрсөтүлдү.
Демилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана БУУӨПтүн Туруктуу өнүктүрүү максаттарын пландоонун жана каржылоонун улуттук процесстерине интеграциялоо боюнча системалуу күч-аракеттердин алкагында ишке ашырылууда. Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдө мамлекеттик инвестициялардын салымын комплекстүү талдоо бюджеттик процесстин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылуу менен өнүктүрүүнүн улуттук жана эл аралык алкактарын макулдашууга жардам берет.
Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов: “Бул күч-аракеттерди бириктирүү, ресурстарды мобилизациялоо жана топтолгон билим менен стратегияларды туруктуу аракеттерге айландыруу зарыл болгон чечүүчү мезгил. Өлкөнүн 2030-жылга карата кандай натыйжалар менен бара тургандыгы жана кийинки муунга кандай келечек тартуулай тургандыгыбыз бүгүнкү биз жасай турган кадамдарга жараша болот”.
2025-жылы кабыл алынган, 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы Кыргыз Республикасын ТӨМгө жетүүдө кыйла прогресске жетишкен отуз өлкөнүн катарына кошууну камсыз кылуу, ошондой эле экономиканын инклюзивдүүлүгүн жана туруктуулугун чагылдырган туруктуу өсүүнүн эл аралык рейтингдеринде өлкөнүн позициясын жогорулатуу милдетин коет.
“Баалоонун жыйынтыгы “өнүктүрүү үчүн каржылоо” ыкмаларын интеграциялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул ыкмалар инвестициялык долбоорлорду тандоодон, артыкчылыкташтыруудан тартып туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүдө алардын салымына мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын түзүүгө чейинки чечимдерди кабыл алуу үчүн практикалык инструменттерге айланууда” - деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
БУУӨП мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өркүндөтүүдө, институттук потенциалды бекемдөөдө жана туруктуу өнүктүрүү үчүн инновациялык чечимдерди киргизүүдө Финансы министрлигине колдоо көрсөтүүнү улантат.
2 сүрөттөр
0.00MB