Menu
Тренддер
Борбордук Азия ЖОЖдорунун ректорлоруна Финансы министрлиги китептерди тапшырды
Финансы Министрлиги100 жылдык юбилейине арналып басылып чыккан 100 даана китептерди ректорлорго белекке берди
Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жылдыгына карата Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган Борбордук Азия ЖОЖдорунун ректорлорунун "Глобалдык чакырыктардын контекстинде Борбор Азия университеттерин трансформациялоо" аталышындагы форуму өткөрүлдү. Аталган форумдун катышуучуларына Финансы Министрлигинин атынан Финансы министрлигинин 100 жылдык юбилейине арналып басылып чыккан 100 даана китептер белекке берилди.
Китеп Кыргызстандын финансы системасынын 100 жылдык тарыхына арналган. Анда Союз доорундагы финансылык структуралардан тартып көз карандысыздыкка жетишкенден кийинки реформаларга чейинки этаптар баяндалат. Мааниси өлкөнүн экономикалык кыйынчылыктарды жеңүүдөгү тажрыйбасын, тышкы карыздар менен иштөөнү, санариптештирүү жана инновациялык инструменттер аркылуу финансылык эгемендүүлүктү бекемдөө аракеттерин чагылдырат.
Китептин максаты — муундарга өткөн доордун сабактарын жана азыркы жетишкендиктерди жеткирүү, финансы тармагында жаңы доордун пайдубалын түшүндүрүү болуп саналат.
Тиркелген файлдар