Menu
Тренддер
КР ФМ “ИЧКИ АУДИТОРДУН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЭКЗАМЕНИН ТАСТЫКТОО” КУРСУ ӨТКӨРҮЛДҮ
2024-жылдын 21-октябрынан 25-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ички аудиторлорунун квалификацияцын жогорулатуу максатында “Ички аудитордун квалификациялык экзаменин тастыктоо” темасындагы тренинг гибрид (онлайн/офлайн) форматында өткөрүлдү.
Окуу курсунун программасында мамлекеттик сатып алуулар, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, ички контроль жана ички аудит багыттары боюнча темалар камтылган.
Тренингди жогорку квалификациялуу адистер жана эксперттер: Асаналиева Кундуз Бекташевна, Базакеева Жылдыз Жаманчаевна жана Алиева Турсунай Токташевна өткөрдү.
Тренингге 73 угуучу катышты. Курстун аягында 40 академиялык саат (5 күн) көлөмүндө "Ички аудитордун квалификациялык экзаменин тастыктоо" темасындагы тренингден өткөндүгү жөнүндө сертификаттар тапшырылды.