Menu
Тренддер

БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАСФЕРТТЕР 2024-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДА ОШ ОБЛУСУНА 413,6 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ
"Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын январь-июнь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерине 413,6 млн. сом акча каражаты каржыланган, алар:
"Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Теңдөөчү трансферттер – 388,6 млн. сомго каржыланган;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө – 15,5 млн.сом каржыланган;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 13,6 млн.сомго каржыланган;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) – 9,4 млн.сомго каржыланган;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу программасын бекитүү тууралуу” №490 токтомуна ылайык 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн Ош облусуна 56,4 млн.сом бөлүнүп берилген;
Тиркелген файлдар