Menu
Тренддер

2492
2022-жылдын 11 айына жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн бюджет аралык трансферттер боюнча маалымат
2022-жылдын январь-ноябры үчүн Кыргыз Республикасынын “КР 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына жана КР ченемдик укуктук актыларына ылайык, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 6 029 301,7 миң сом суммасында бюджет аралык трансферттер бөлүнгөн, анын ичинде:
Теңдештирүүчү трансферттер иш жүзүндө 1 302 875,1 миң сомго каржыланган.
Максаттуу трансферттер иш жүзүндө 4 726 426,6 миң сомго каржыланган, анын ичинен:
- КРӨнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 “Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” токтомуна ылайык, электр энергиясын пайдалануу үчүн төлөөдө 50 пайыз өлчөмүндө компенсацияга – 148 730,7 миң сом каржыланган;
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүгө республикалык бюджеттен 140 517,7 миң сом каржыланган; (статисттердин айлык акысына)
- КРӨ 2017-жылдын 17-августундагы №490 “КРӨ 2018-2025-жылдарга КР калктуу конуштарынын генпландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык- 50 000 миң сом (калктуу конуштардын генпланын түзүүгө);
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүгө республикалык бюджеттен 46 346,8 миң сом каржыланган; (ГРСтин айлык акысына)
- жергиликтүү бюджеттерге коммуналдык кызматтар боюнча карыздар жана башка чыгымдар (э/энергия, жылуулук/энергия, көмүр жана ирригация казандарын оңдоо) – 93 387,5 миң сом
- “Маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга байланышкан чыгымдарды жабууга кошумча каражаттарды бөлүү жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181, 182, 183, 184 жана 185 токтомуна (маданият, искусство, маалымат жана билим берүү, муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга -3 129 653,0 миң сом;
- Каракол шаарына -885 000,0 миң сом; Токмок шаарына -40 412.6 миң сом
- Жер налогунун түшүүсүнөн-112 648,3 миң сом;
- Ош шаары (КРКМ чечими боюнча) - 65 000,0 миң сом;
- Баткен шаарына (КРКМ чечими 2022-жылдын 23-сентябрындагы №506-т) 15 000,0 миң сом.