Menu
Тренддер

БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАНСФЕРТТЕР ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА 1 488,5 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ
Жалал-Абад облусу боюнча 2025-жылдын 4 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1 363,0 млн сом өлчөмүндө каржыланды, анын ичинен:
- Теңдөөчү трансферттер – 105,1 млн сом;
- Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө –5,2 млн сом;
- Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 23,5 млн сом;
- Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 88,3 млн сом;
- Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого- 509,2 млн сом;
- Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого- 30,4 млн сом;
- “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө- 3,0 млн сом;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелеринин негизинде Жалал-Абад облусунун шаарларын (Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кербен) өнүктүрүүгө – 598,2 млн сом;
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 125,5 млн сом бөлүнүп берилди.
Жалпы – 1 488,5 млн сом