Menu
Тренддер
КЫРГЫЗСТАН MIGA МЕНЕН НЕГИЗГИ ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮ КОЛДОО ҮЧҮН КЕПИЛДИКТЕРДИ БЕРҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ТАЛКУУЛАДЫ
КРФМ
Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович Дүйнөлүк банк тобунун жетекчилеринин бири, MIGAнын аткаруучу вице-президенти Хироши Матано мырза жана агенттиктин башка өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды:
Камбарата-1 ГЭСи электр энергиясын экспорттоо жана импорттолуучу отунга көз карандылыкты азайтуу потенциалы менен өлкөнүн стратегиялык энергетикалык долбоору катары. MIGAнын жеке жана чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн саясий жана инвестициялык тобокелдиктерге кепилдик берүүдөгү ролу каралды.
IWS Agro долбоорундагыдай, жеткирүү чынжырларын диверсификациялоо жана стратегиялык маанилүү ресурстарды импорттоого көз карандылыкты азайтуу аркылуу терс таасирлерге туруктуулукту жогорулатуучу практикаларды киргизүү.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында тышкы капиталды тартуу, жеке каржылоонун үлүшүн жогорулатуу жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн кепилдиктерди инструмент катары колдонуу.
Климаттык тобокелдиктерди эске алуу жана гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия булактары жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча долбоорлорду камтыган инфраструктуранын туруктуулугун камсыздоо.
Финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович MIGA кепилдиктери улуттук стратегияларды ишке ашыруу, туруктуу инфраструктура, энергиянын натыйжалуулугу жана экспорт долбоорлорун колдоо, ошондой эле экономиканы климаттык жана экономикалык терс таасирлерге туруктуу кылуу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Тараптар кызматташууну улантууга жана MIGA катышуусу менен биргелешкен каржылоо механизмдерин кароого даяр экендиктерин ырасташты, бул долбоорлордун шарттарын жакшыртууга, тобокелдиктерди азайтууга жана кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.