КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫ КОРПОРАЦИЯСЫ: ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДЕМИЛГЕЛЕР ЖАНА ПИЛОТТУК ДОЛБООРЛОР

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫ КОРПОРАЦИЯСЫ: ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДЕМИЛГЕЛЕР ЖАНА ПИЛОТТУК ДОЛБООРЛОР

КРФМ

        Кыргыз Республикасынын финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович Вашингтонто болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык финансы корпорациясынын Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Ооганстан жана Пакистан боюнча вице-президенти Риккардо Пулити мырза менен жолугушту.

Жолугушууда экономиканын жеке секторун өнүктүрүү боюнча кызматташтыктын негизги багыттары, Эл аралык финансы корпорациясынын стратегиялык долбоорлорду каржылоого катышуусу, чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн тобокелдиктерди башкаруу инструменттерин колдонуу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү талкууланды.

Финансы министрлиги Эл аралык финансы корпорациясынын чийки затка байланышпаган экономика тармактарына, анын ичинде агроөнөр жай комплекси, кайра жаралуучу энергетика, чакан гидроэлектростанциялар жана күн станциялары, ошондой эле транспорт жана шаардык логистика тармагындагы долбоорлорго якордук инвестор катары катышуусуна кызыкдар  экенин билдирди.

            Тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Финансы министрлиги Эл аралык финансы корпорациясына инфраструктура, саламаттык сактоо жана энергиянын натыйжалуулугу чөйрөлөрүндөгү пилоттук долбоорлор боюнча консультация берүүнү, ошондой эле ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө, уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана инвесторлордун укуктарын коргоого көмөктөшүүнү сунуштады.

            Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы конструктивдүү кызматташууга, стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
221

Окшош жаңылыктар