КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ ТӨЛӨМ ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА КАРЖЫЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТЕРЕҢДЕТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ ТӨЛӨМ ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА КАРЖЫЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТЕРЕҢДЕТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

2025-жылдын 3-июну Пекин шаары, Кытай Эл Республикасы

 

            Кыргыз делегациясынын ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын Пекинде өткөн жыйынына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К.Бакетаев менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж.Тургунбаевдин Кытай Эл Республикасынын финансы министри Лань Фоань менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

            Кыргыз тарап иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы финансылык-экономикалык өз ара кызматташууну тереңдетүүнүн стратегиялык маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар төлөм инфраструктурасы жана трансчек аралык эсептешүүлөр жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

            Кыргыз Республикасынын мамлекеттик банктарынын Кытайдын эл аралык банктар аралык эсептешүү системасына - CIPSке (Cross-Border Interbank Payment System) кошулуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тараптын пикиринде, бул кадам юань менен эки тараптуу эсептешүүлөр үчүн коопсуз жана туруктуу канал түзүүгө, транзакциялык чыгымдарды азайтууга, ошондой эле үчүнчү валюталар аркылуу эсептешүүдөн көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.

            Кыргыз Республикасы Кытайдын компетенттүү органдары менен регулятордук жана техникалык баалоо маселелери боюнча консультацияларды өткөрүүгө, ошондой эле КЭРдин ыйгарым укуктуу банктарында корреспонденттик эсептерди ачууга көмөктөшүүгө кызыкдар экенин билдирди.

            Мындан тышкары, кыргыз тарап Кытайда лицензияланган төлөм уюмун түзүү же сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Мындай түзүм кытай компаниялары жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү кыйла жөнөкөйлөтүүгө, КЭРдин улуттук төлөм системаларына (анын ичинде CIPS, CNAPS, UnionPay жана башкалар) кошулууга, ошондой эле кыргыз бизнесинин кытай рыногундагы финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кытай Эл банкы жана Финансыны жөнгө салуу боюнча улуттук администрациясы менен системалуу диалог жүргүзүүгө даяр экендигин ырастап, Кытай Эл Республикасындагы потенциалдуу өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

            Кыргызстан эсептешүү инфраструктурасы жаатында стратегиялык өнөктөштүккө ачык жана муну эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун жана эки өлкөнүн тең реалдуу секторун колдоонун маанилүү кадамы катары көрөт.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
646

Окшош жаңылыктар