Menu

Кыргыз меймандостугу жана диалог: ШКУ кеңешмесинин алкагындагы кече

Кыргыз меймандостугу жана диалог: ШКУ кеңешмесинин алкагындагы кече

КРФМ

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын кеңешмесинин алкагында делегация башчылары үчүн салтанаттуу кече уюштурду.

Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого, пикир алмашууга жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Кеченин жүрүшүндө конокторго кыргыз элинин улуттук каада-салттарын жана меймандостугун чагылдырган маданий программа тартууланды.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөнүнүн 25 жылдык мааракеси белгиленет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
947

Окшош жаңылыктар