КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК БАНК 101,5 МЛН АКШ ДОЛЛАРЫ ӨЛЧӨМҮНДӨ БЮДЖЕТТИК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮШТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК БАНК 101,5 МЛН АКШ ДОЛЛАРЫ ӨЛЧӨМҮНДӨ БЮДЖЕТТИК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮШТУ

КРФМ

 

         2025-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосунда “Туруктуу жана инклюзивдүү өсүү саясатын биринчи каржылоо” долбоорунун алкагында каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

         Макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбекович, Дүйнөлүк банктын атынан - Борбордук Азия боюнча аймактык директор Хью Ридделл мырза кол койду.

Документтин  алкагында 101,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик колдоо көрсөтүү каралган.

Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев өз сөзүндө негизги реформаларды жана инфраструктуралык демилгелерди ишке ашырууда көрсөткөн туруктуу колдоосу жана көмөгү үчүн дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирди. Министр Дүйнөлүк банктын салымы жарандардын жашоо сапатын жакшыртууда жана өлкөнүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоодо маанилүү элемент болуп саналарын баса белгиледи.

Бул макулдашууга кол коюу Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү багытындагы кезектеги кадам болуп саналат. Тараптар өз ара пайдалуу жана туруктуу өнөктөштүктүн мындан ары да өнүгүшүнө ишенимдерин билдиришти.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
3025

Окшош жаңылыктар