Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН BLOOMBERG БАСЫЛМАСЫНА БЕРГЕН МАЕГИ: МАМЛЕКЕТТИК ЕВРООБЛИГАЦИЯЛАР ЖАНА USDKG
КРФМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги биринчи жолу дүйнөлүк Bloomberg басылмасына маек берип, өлкөнүн каржы жана экономикалык саясатындагы негизги багыттарды талкуулады. Маекке Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын башчысы А.Абдыбапов жана ОАО «Виртуалдык активдер эмитенти” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы - Мамытов Бийболот.катышты.
Министрлик белгилегендей, Кыргызстандын бекем фискалдык жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрү өлкөгө биринчи жолу суверендүү еврооблигацияларды чыгарууга мүмкүндүк берген. Алар тарткан каражаттар инфраструктураны, энергетика секторун жана каржы тутумун күчөтүүгө багытталууда.
Маектин өзгөчө бөлүгү дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик стейблкоин USDKG, физикалык алтын менен камсыздалган долбоорго арналды. Бул долбоор трансчегаралык эсеп-кысаптарды өнүктүрүү, инвестициялык тартышты жогорулатуу жана өлкөнүн каржы башкарууну бекемдөө үчүн стратегикалык инструмент катары каралууда.
Ошондой эле мамлекеттик карыздын туруктуулугу жана бюджеттик саясаттын сабаттуулугу белгиленип, бул эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин сактоого жана кошумча инвестицияларды тартууга шарт түзөрү айтылды.
А.Абдыбапов жана Б.Мамытовдун маеги Bloomberg басылмасына кийинки аптада жарыяланат.