Кыргыз Республикасынын Финансылык министринин 2025-жылга карата жаңы жылдык куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Финансылык министринин 2025-жылга карата жаңы жылдык куттуктоосу

куттуктоо

Урматтуу мекендештер жана  Финансы министрлигинин ардактуу пенсионерлери, кызматкерлери!

      Сиздерди Финансы министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

     2025-жыл- биздин алдыбызда жаңы горизонтторду, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен бийик максаттарга үндөп келе жатат десем жаңылышпайм!

       2024-жыл биздин өлкө үчүн маанилүү этап болуп калды.. Өлкөбүздүн  Президенти С.Н.Жапаровдун  кесипкөйлүгү жана чечкиндүүлүгүнүн  аркасында ишенимдүү багытта олуттуу ийгиликтерге жетише алдык десем жанылышпайм. Ага мисал өз алдынчалыкты алган 30 жыл аралыгында ар жылы мамлекеттин казынасы дефицит менен жыйынтыкталып, дотациядагы аймактарыбыздын саны өсүп келген болсо, акыркы үч жыл аралыгында профициттик көрсөткүчтөргө чыга алдык.  Маселен, узап бара жаткан жылдын жыйынтыгы менен республикалык бюджет 6,4 млрд сом өлчөмүндө профицит менен күтүлүүсү биздин мамлекет үчүн зор жетишкендик болду.

        Биз сиздер менен бирге туруктуу финансы системасын түзүү, күчтүү экономиканы өнүктүрүү, мамлекеттик каржыны натыйжалуу башкаруу, социалдык өнүгүүнү камсыз кылуу, макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, ар бир жарандын каржылык маселелерин чечүү, бюджеттик системаны чыңдоо жана негизги тармактарга инвестицияларды тартуу боюнча алдыга ишенимдүү кадамдарды жасадык. Бул жыйынтык эмес, келечекте дагы амбициялуу максаттар жана жаңы чакырыктар бизди күтүп турат.

         Келе жаткан Жаңы жыл — бул жаңы көз караштар жана үмүттөр. Ар бир үйгө кубаныч, бакыт жана ынтымак алып келсин. Ар бир күн келечекке болгон ишенимге толуп, биздин аракеттерибиз жаңы жетишкендиктерге жана жеңиштер менен коштосун!

 

Бийик урматым менен,

Алмаз Кушбекович Бакетаев

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
1317

Окшош жаңылыктар