Menu
Тренддер
8333 АЙЫЛДЫК ТОВАР ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР “АЧК-10” ДОЛБООРУ БОЮНЧА 4773,28 МЛН СОМ ӨЛЧӨМҮНДӨ КРЕДИТ АЛЫШТЫ
2022 – жылдын 29–декабрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун циклин ишке ашырууну улантууда. Долбоор боюнча 120 791 чарбалык субъектилерге 51,72 млрд. сом суммасында кредит берилген, анын ичинде:
- «Мал чарбачылык» тармагына боюнча 33,02 млрд. сом суммасында 96 128 субъект.
- «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 7,86 млрд. сом суммасында 22 197 субъект.
- «Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү» тармагы боюнча 10,84 млрд. сом суммасында 2 466 субъект.
“Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоорун ишке ашырууга республиканын 6 коммерциялык банкы катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 4,9 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2022-жылдын 29-декабрына карата бул Долбоордун алкагында республиканын 8 333 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 773,28 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.