Айыл чарбасын, газификацияны жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө каражаттар: 2024-жылдын 19-декабрына карата мамлекеттик долбоорлордун жыйынтыктары

Айыл чарбасын, газификацияны жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө каражаттар: 2024-жылдын 19-декабрына карата мамлекеттик долбоорлордун жыйынтыктары

жеңилдетилген кредиттер

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча маалымат:

2024-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы №22-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилген.

Долбоордун максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын 19-декабрына карата бул Долбоордун алкагында Республиканын 11 655 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 661,32 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде:

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 4 182,28 млн. сом суммасында 10 218субъектти

камсыз болду.

  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 479,04 млн. сом суммасында 1 437

субъектти насыя ала алышты.

2024 - жылдын 19-декабрына карата аталган Долбоор тууралуу облустар

боюнча маалымат.

 

Берилген кредиттердин саны

Долбоорду өздөштүрүү суммасы

Республика              боюнча бардыгы

 

11 655

 

4 661,32

1

Чүй облусу

2 144

843,07

2

Ысык-Көл облусу

1 760

635,90

3

Талас облусу

1 275

492,06

4

Нарын облусу

1 362

560,85

5

Жалал-Абад облусу

2 400

1 011,37

6

Ош облусу

1 966

807,27

7

Баткен облусу

748

310,80

 

2024 – жылдын 19-декабрына карата “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору боюнча:

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартында №97-т тескемеси менен “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген.

Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышып, аларды кредиттөөнүн көлөмү 1,0 млрд. сом суммасын түзгөн.

2024-жылдын 19-декабрына карата бул Долбоордун алкагында Республиканын 249 каржылоо субъекттерине 31,48 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.

 

2024 – жылдын 19-декабрына карата “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү” долбоору боюнча:

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздик көйгөйүн чечүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августунда №415 токтому менен “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү” Долбоору бекитилген.

Долбоордун алкагында 2024-жылдын ичинде банктардын финансылык каражаттары ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы имараттарын куруу, учурдагы имараттарды капиталдык оңдоо/реконструкциялоо, ошондой эле негизги каражаттарды сатып алуу учун жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча берилет.

Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк”, “Элдик Банк” жана “Керемет Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 2024-жылга 97,3 млн. сом суммасын түзүүдө.

2024-жылдын 19-декабрына карата бул Долбоордун алкагында 6 каржылоо субъекттерине 17,0 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
1022