Menu
Тренддер
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.К БАКЕТАЕВ ЖАЛПЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 33 ЖЫЛДЫГЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан эң маанилүү мамлекеттик майрам-Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен жана Кара Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгы менен куттуктайм!
Өткөн 33 жыл ичинде Кыргызстан эли кыйчалыш кырдаалдардан өтүп, кыйынчылыктарды жеӊип, дүйнө мамлекеттеринин катарында эркин жана демократиялык өлкө катары өз ордун тапты.31-август өлкөбүздүн, элибиздин тарых баракчаларындагы өзгөчө бир барагы,кылымдап кыялданган кыргыз элинин кыялы.
Ошондуктан,мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоо,коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо, экономиканы алга сүрөп, демократиялык коомду өнүктүрүү жана эгемендикти көздүн карегиндей сактап, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бир кыргызстандыктын негизги милдети.
Азыркы шарттарда бюджетти туруктуу башкарууну камсыздоо бардык өлкөлөр үчүн чоң мааниге ээ. Саясий, финансылык, социалдык коопсуздукту кармоо жана өлкөдө кирешенин деңгээлин жөнгө салуу көз карашынан алганда мамлекеттин бюджетинин туруктуулугу маанилүү маселе.
Жалпы мекендештерге бакубат турмуш,чың ден-соолук жана финансылык көзкарандысыздыкты каалайм.Өлкөбүзгө тынчтык,ынтымак,биримдик жана өнүгүү орун алсын.