Menu
Тренддер
Коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды
ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарды бузгандыгы үчүн коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, ички контролдоо тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы (ички контролдоо программасын, тобокелдикке негизделген мамилени, кардарды тийиштүү текшерүүнү колдонуу); финансылык чалгындоо органы тарабынан суралган маалыматтарды жана документтерди берүүнүн талаптарын, тартибин жана мөөнөтүн бузгандыгы; контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы; ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) (ТК/КК) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн коммерциялык банкка жалпы суммасы 830 миң сомго 14 айып пул салды.