Menu
Тренддер
КОММЕРЦИЯЛЫК БАНК ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТЫЛДЫ
ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарды бузгандыгы үчүн коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка 61 миң сом өлчөмүндөгү 1 айып пул салды (Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы тарабынан суралган маалыматтарды жана документтерди берүү тартибин жана мөөнөтүн бузуу).