КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ 2,4 МЛРД СОМ КАЗЫНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИН ТАПШЫРДЫ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ 2,4 МЛРД СОМ КАЗЫНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИН ТАПШЫРДЫ

Финансы министри А.Бакетаев республиканын 45 подряддык уюмдарынын жетекчилерине Казыналык милдеттенмелерди тапшырды. Иш-чара Финансы министрлигинде өттү. Өлкөнүн мектептеринин курулушун аяктоо үчүн 2,4 миллиард сом өлчөмүндө казыналык милдеттенмелер берилди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги социалдык маанидеги объектилердин курулушун аяктоо процессин өркүндөтүүчү жаңы механизмди иштеп чыккан. Министр А.Бакетаев жаңы инструменттин маанилүүлүгүн, ошондой эле объектилердин курулушун банктар аркылуу өз убагында каржылоо мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Жыйынга «РСК БАНК» АК, «Айыл Банк», «Керемет Банк» мамлекеттик банктарынын өкүлдөрү катышты.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 “Мамлекеттик органдардын кредитордук карызын жабуу жана курулуш объекттерин казыналык векселдерди чыгаруу аркылуу каржылоо боюнча чаралар жөнүндө” токтому, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлеринин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 177-р «10 млрд сом чегинде казына векселдерин чыгаруу жөнүндө».

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2034